Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Ысык-Көл облус соту бүгүн Балыкчы окуясын карайт


Буга Каракол шаарындагы тергөө абагында отурган оппозициянын он үч тарапкеринин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арыздары негиз берүүдө. 23-июлдагы президенттик шайлоо учурунда добуш берүүгө нааразылык билдирип көчөгө чыккан Бириккен оппозициядан президенттик шайлоого талапкер Алмаз Атамбаевдин 22 тарапкери кармалган. Алардын бирөө Балыкчыда ооруканада жатат. Кармалып, кайра бошотулгандардын катарында Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын мүчөлөрү Кубанычбек Кадыров менен Мирбек Асанакунов бар. Камакта отургандардын ичинде 2 аял бар. Алардын бири - СДПнын Ысык-Көл облусу боюнча координатору. Камактагыларга Кылмыш Кодексинин негизинде Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, президенттик шайлоого тоскоол болду, баш аламандык уюштурууга аракет кылды деген айыптар тагылууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG