Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Түндүк Кореяда эки америкалык журналист бошотулду


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир эки америкалык журналистке кечирим берди. Журналисттер Лора Лин жана Юна Ли Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен 12 жылга эркинен ажыратылган болчу. Журналисттерге кечирим берүү тууралуу чечимди Ким Чен Ир АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Пхеньянга келгенден көп өтпөй кабыл алды. Билл Клинтон бошотулган эки журналистти Түндүк Кореядан алып кеткенин мурдагы президенттин басма сөз өкүлү кабарлады. Жакынкы сааттарда алар Лос-Анжелеске келери күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG