Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Алайда дагы сел жүрдү


Августтун төртүнөн бешине оогон түнү жүргөн сел бир катар жолдорду жууп кетти. Өзгөчө Таргалак-Аскалы автожолу көбүрөөк жабыркап, жол толугу менен жабылып калган. Мындан тышкары Кара-Булак айлындагы ички жолдор да жуулуп калган. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жабыркагандар жок. Министрликтин атайын кызматкерлери селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барышууда. Ушул сааттарга карата жолдор ачылды, деп билдирет ЧКМ басма сөз кызматы.

Алай районунун ар кайсы айылдарында сел жүрүшү күчөй баштаганы айтылууда. Буга эң биринчиден нөшөрлөп жааган жаан себеп болуп жатат. Өткөн жумада да катуу жааган жаандан улам пайда болгон сел Сопу-Коргон –Терек автожолун жууп кеткен болчу.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG