Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Өлкөдөгү коомдук кырдаал кызуу талкууланууда


Жыйында өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, адам укугу жана эркиндиктеринин корголушуна байланыштуу маселе талкууга алынып жатат. Ага расмий чакырылгандардан тышкары 29-июлда шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, жөө жүрүшкө чыккан учурда кармалып, сабалгандар келип маалымат беришти.

Акыйкатчы институтунда уюштурулган тегерек үстөлгө саясий партиялардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана мамлекеттик жооптуу кызматкерлер чакырылган. Акыйкатчынын басма сөз кызматкери Барно Сабированын “Азаттыкка” билдиргени боюнча жыйынга КР Башкы прокуратурасынан, ИИМден, Конституциялык соттон, Жогорку жана Чүй облустук сотунан өкүлдөр катышууда. Булардан тышкары Кыргызстанда иш алып барган бардык эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана жарандык коомдун активисттери бар.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG