Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Нуралыктар бир суткадан бери жол тосуп турушат


Өткөн жылы 7 баллдык жер титирөөдө турак-жайлары кыйрап калган айылдын эли Ош-Эркечтам жолун тосуп турушат. Алар жергиликтүү тургундар үчүн курулуп жаткан үйлөрдү тез арада куруп берүүсүн бийликтен талап кылышууда. Айылдын тургуну, зилзалада атасы менен уулунан айрылган Бакыт Жороевдин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча жер титирөөдөн жабыркагандарга курулуп жаткан 152 үйдүн курулушу өтө солгун жүрүүдө. “Бул жүрүш менен кетсе, күн сууктагыча үйлөрдүн курулушу аяктабайт. Бизде сентябрда кар түшөт,” дейт Б. Жороев. Анын айтымында өткөн жылдан бери 152 үй-бүлө шашылыш курулган мобилдик үйлөрдө беш-алты үй-бүлөдөн кысылышып жашап жатышат.

Жол тоскон нуралыктарга бүгүн Алай районунун акими, айыл өкмөт башчысы келип, жолугушту. Бүгүн эрте менен жол ачылган, бирок чогулган эл тараган жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG