Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Петровка жаңжалы: Айыптоочуларга ишеним жок


Петровка жаңжалы боюнча ушул тапта жүрүп жаткан сот ишинде мамлекеттик үч айыптоочуга ишеним көрсөтпөй тургандыгын айыпталып жаткандар менен алардын адвокаттары билдиришти. “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин адвокаты А. Типеров ошондой эле сотко да ишеним көрсөтүлбөшү мүмкүн экендигин “Азаттыктын” кабарчысына билдирди.

Прокурорлордун бири Петровка жаңжалы боюнча Москва райондук сотунда болуп жаткан сотко Петровкадан келген тургундарды сот залынан чыгарууну милиция кызматкерлерине буйруган. Алар элди сот залынан чыгарууга аракет кылган учурда залда баш-аламандык орун алып, кайра тынчыды, деп билдирет сотко катышып жаткан кабарчыбыз.(ZKo)

XS
SM
MD
LG