Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Бишкек-Торугарт жолун оңдоого $50 млн. бөлүнөт


Бүгүн бул боюнча келишимге Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда кол коюлду. Каржы министрлигинин билдиришинче, долбоорду ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар каражат бөлүүдө. Алардын 22 миллиону грант, 28 миллиону жеңилдетилген шарттагы кредит түрүндө берилмекчи. Долбоордун негизинде жолдун 75 километр аралыгына оңдоп-куруу иштери жүргүзүлөт. Ремонт 2010-жылдын май-июнь айларында башталып, 2013-жылдын декабрь айына чейин созулат.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу өлкөнүн транспорттук башкы магистралдарынын жана Борбор Азиядагы экономикалык кызматташуунун алты регионалдык коридорлорунун бири болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG