Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Москва Грузияны агрессияга даярданууда деп айыптады


Орус куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчи орун басары Анатолий Ноговицындын айтымында, Грузия жаңы агрессияга даярданып, куралданып жатат. Мындай билдирүүнү генерал Москвада өткөн пресс-конференцияда жасады. Бир нече күндөн кийин Россия менен Грузия ортосундагы кыска согуштун бир жылдыгы болот. Анын алдында тараптардын бири-бирин провокация үчүн айыптоолору күчөдү. Кечээ Москва Грузиянын сепаратисттик аймагы - Түштүк Осетиядагы аскерлерин чукул абалга келтирди. Былтыркы уруштан кийин Россия Түштүк Осетия менен катар Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган.

XS
SM
MD
LG