Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

А. Абдурасулова райондор аралык сотко кайрылды


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова Биринчи Май районунун акимин жана аппарат жетекчисин кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү менен Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылды. Укук коргоочу райондук жетекчилик КР кылмыш-жаза кодексинин 148-беренеси боюнча адамдарга тынч пикет, митинг өткөрүүгө тоскоолдук кылганы үчүн, 304-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн жана 305-беренеси боюнча кызмат абалын жогорулатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деп эсептейт. Азиза Абдурасулованын айтуусунда буга 4-август күнү Биринчи Май райондук адмиинстрациясынан укук коргоочуга жолдонгон кат негиз берген. 17-августта УКМК имаратынын алдында пикет өткөрүүгө даярданып жазган маалымдамасына жооп катары райондук администрация кат жазып, анда Бишкек шаар мэриясынын токтомуна ылайык пикет өткөрүүгө мүмкүн эместигин, эгерде укук коргоочу акцияга чыга турган болсо мыйзам чегинде жооп берип каларын билдирген. Укук коргоочу жергиликтүү администрация мындай мазмунда кат жазып, коркутуп-үркүтүүгө укуксуз деп эсептейт.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова 3-август күнү Биринчи Май райондук администрациясына 17-августта Улуттук коопсуздук кызматынын имаратынын алдында пикет өткөрөрү тууралуу маалымдама тапшырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG