Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Велоспорт боюнча Азия чемпионуна - бир миллион сом


Бүгүн президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен КР Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу Йокогама шаарында (Япония) өткөн велоспорт боюнча Азия Кубогунун ээси Евгений Ваккерге бир миллион сом өлчөмүндө каражатты алууга укук берген сертификатты тапшырды. Бул акча каражаты президенттин Резервдик фондусунан мыкты спорттук жетишкендиктерге шыктантуу жана колдоого алуу максатында бөлүнгөн. Ошондой эле спортсменге трек велосипедин сатып алууга материалдык жардам катары 100 миң сом алууга укук берген дагы бир сертификат берилди. Е.Ваккердин башкы машыктыруучусу Эркен Акрамовго да 250 миң сом алууга укук берген сертификат тапшырылды.(AzK)

XS
SM
MD
LG