Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

"Азаттыкты" коргоо кыймылы президентке кат жолдойт


Кыймылдын координатору Өндүрүш Токтоназаровдун билдиришинче, алар “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова менен бирдикте президентке жолдой турган "Азаттык" радиосу боюнча ачык катты Интернетке жарыялаганы жатышат. “Президент ант берип жатып, массалык маалымат каражаттарына эркиндикти кеңейтем деди. Эгер президент чын эле ошондой ойдо болсо, анда ишти "Азаттык" радиосунан баштасын деп кайрылып жатабыз ”,-дейт Өндүрүш Токтоназаров.

Өндүрүш Токтоназаров буга чейин ушундай кат менен эки ирет президенттин атына, президенттин катчылыгына, маалымат кызматына чейин кат жөнөтүп, эч кандай жооп ала албагандыгын билдирди. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG