Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Ташкенде газ боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүсү болот


Өзбек газын сатып алуу боюнча келишимди жаңыртууну сүйлөшүү үчүн “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев баштаган делегация Ташкенге баратат. Мындай маалымат Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинен алынды. Делегациянын сапары 11-августта башталат. Өзбек газынын баасын арзандатуу багытында августта сүйлөшүү тууралуу мурда макулдашылгандыгын министр Ильяс Давыдов 28-июлдагы Өкмөт жыйынында маалымдаган. Кыргызстан “Узтрансгаз” ишканасынан жыл башынан бери газдын миң кубун 240 доллардан сатып алууда.

Бул аралыкта “Кыргызгаз" ишканасынын көзөмөл акциясы Орусиянын «Газпром” ишканасына берилери тууралуу маалымат тарады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров Москвада уюштурган маалымат жыйынында билдирген. (BuS)

XS
SM
MD
LG