Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Балыкчы жаңжалы боюнча дагы бир киши камалды


Ооруканада жаткан СДПнын Ысык-Көлдөгү координаторлорунун бири Канат Сопуев кечээ кечинде камакка алынды. Бул тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова маалымдады. Сопуев 23-июлдагы шайлоо күнкү Балыкчы жаңжалында милициядан токмок жеп, ошондон бери ооруканада жаткан. Күч менен басылган нааразылык аракеттердин 13 катышуучусу буга чейин камакка алынып, Караколдогу тергөө абагына киргизилген. Аларга Кылмыш Кодексинин негизинде баш аламандык уюштурду, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, шайлоого тоскоол болду деген айыптар тагылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG