Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

HRW:Бишкекте өзбекстандык эки бозгун жоголду


Качкын макамын сурап жүргөн өзбекстандык жаран Санжар Худайбергенов уулу Сарварбек Эркинзода менен 30-июлдан бери Бишкекте дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу билдирген HRW уюму Кыргызстан өзбекстандык эки бозгунду күч менен мекенине кайтарышы мүмкүн деп тынчсызданууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмдун Евразия жана Борбор Азия боюнча директору Хезер Конли (Heather Conley) билдирди. Хезер Конлинин айтымында мындай окуялар Кыргызстанда көп кайталанып жатат деп, уюм кыргыз өкмөтүн эл аралык нормаларды сактоого чакырууда. Худайбергеновдордун беш кишиден турганү үй-бүлөсү БУУнун качкындар комиссарлыгынын Бишкек бөлүмүнө качкын макамын сурап 2008-жылдын 19-июлунда кайрылышкан.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Худайбергеновдун баласы менен кошо дайынсыз жоголушу тууралуу маалыматы жогун билдирүүдө. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG