Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

ЕККУ өзбек бийлигине кайрылды


ЕККУ өзбек бийлигин 12 жылга эркинен ажыратылган журналист Дилмурод Саидовдун жазасын карап чыгууга чакырды. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча өкүлү Миклош Харасти буга байланыштуу Өзбекстандын тышкы иштер министрине кат жолдоду. Анда Саидовдун соту эл аралык талаптарга жооп бербей турганы айтылат. Буга чейин Дилмурод Саидовду бошотуу чакырыгы менен өзбек бийлигине Хьюман Райтс Уотч (Human Rights Watch) уюму да кайрылган. Өзбек бийлигин сындап келген журналист өткөн аптада “акча опузалап алган” деген айып менен 12 жылга эркинен ажыратылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG