Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Махмуд Ахмадинежад эл алдында ант берди


Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад кечээ (5-августта) эл алдында ант берип, мамлекет башкаруу кызматына расмий түрдө киришти. Ант берүү аземи парламентте өттү. Иран парламентинде чогулган депутаттар, расмий адамдар жана чет мамлекет өкүлдөрү астында Ахмадинежад ыйык Куранга колун коюп ант берип, андан аркы сөзүндө улуттук биримдик үчүн күрөшүп, “тышкы эзүүчү күчтөргө” каршы тураарын белгиледи. Парламент имаратынын алдында Ахмадинежаддын шайлоодогу жеңишин тааныбаган оппозициянын тарапкерлери чогулуп, демонстрация өткөрүштү. 12-июндагы шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн президенттикке талапкерлер, оппозиция лидерлери Мир Хусейин Мусави жана Махди Карруби ырастап келишет.

XS
SM
MD
LG