Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:50

А. Жекшенкуловдун соту жылдырылды


Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун кеңселеринен “Азаттыкка” маалымдашты. Сот жараяны судья ооруп жатканына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Түркиялык ишкер Сервет Четинди өлтүрүүгө катышы бар, деген айып менен камакка алынган экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун соту 26-майда башталган. Бүгүн саат 14:00 белгиленген соттук жараянда күбөлөр суралмак. Бирок А. Жекшенкуловдун соту дээрлик 26-майдан бери ар кандай себептер менен улам кийинкиге жылдырылып келүүдө.

Аликбек Жекшенкуловдун камалышын ал мүчө болгон бириккен оппозициялык кыймыл саясий ишмердигине байланыштуу деп эсептешет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG