Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иш сотко өттү


2007-жылы октябрь айында киши колдуу болуп каза тапкан журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишин иликтөө аягына чыгып, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министри М. Конгантиев президенттин кабыл алуусунда болгон учурда маалымдады. Министр ошондой эле өткөн жылы күздөн бери дайынсыз жок болуп жаткан ЖК депутаты Руслан Шаботоевдун жоголушуна тиешеси бар деп шектелген адамдарга издөө жарыяланып, аларды камакка алууга санкция берилгенин кошумчалады. Ал эми 2008-жылдын 26-сентябрынан бери белгисиз болуп жаткан ишкер Бахтияр Амиражановдун жоголушуна тиешеси бар деп шектелген кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалып, көрсөтмөлөрүн берип жаткандыгын, алардын биринин көрсөтмөсүнүн негизинде табылган адамдын сөөгү Б.Амиражановдуку болушу мүмкүн экендигин тастыктаган ДНК экспертизасынын жыйынтыгы Англиядан эки-үч күндүн ичинде келерин министр президентке кабарлады. Мындай маалыматты КР президентинин басма сөз кызматы таратты.

Көз карандысыз журналист Алишер Саиповду 2007-жылы октябрь айында Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринен белгисиз бирөөлөр атып өлтүрүп кетишкен. Журналисттин өлүмү анын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырылып, ушул күнгө чейин так ачылбай келе жаткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG