Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Оор операциялар күзүндө жасалат


КР саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Елена Баялинованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча органдарды трансплантациялоо жана хирургия боюнча илим изилдөө институту учурда жумушчулар жайкы эс алууга тараганы үчүн жабылып турат. Басма сөз катчысы институттун жабылышына андагы шамалдаткыч системанын бири иштебей калган, деген себепти жокко чыгарып, мындай системанын бузулушу институттун ишине терс таасирин тийгизе албайт, деп билдирди. Анын айтуусунда жүрөк, органдарды алмаштыруу жана башка оор операциялар негизинен жайкы аптап күндөрү жасалбайт, көбүнчө күз мезгилинде жасалат. “Ооба, биздеги медициналык жарак-жабдыктар көпчүлүгү эски, алардын иштөө мөөнөтү капкачан эле аяктаган. Бирок ошого карабай биздин дарыгерлер мына ушундай шартта иштеп жатышат,” дейт Елена Баялинова.(ZKo)

XS
SM
MD
LG