Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Кыргыз футболчулары КМШда эң артта


Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясынын (FIFA) 2009-жылдын август айы үчүн жарыялоосунда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 160-орунду ээлеген. Тизменин башында Бразилиянын командасы турат.

Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн арасында Орусия 6-орунда, Өзбекстан 79, Казакстан 130, Түрмөнстан 145, Тажикстан 155, Кыргызстан 160-орунда турат. Буга чейин Кыргыз футболчулары жакшы натыйжага 2006-жылы 119-орунга көтөрүлүп, ал эми эң начар жыйынтыкты 2000-жылы 175-орунду алганда көрсөтүшкөн болчу. (SA)

XS
SM
MD
LG