Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:16

“Кыргыз газдын” кандай шартта берилгени белгисиз


Мындай пикирин Кыргызстандагы “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти, мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда бирден-бир стратегиялык тармактын элге ачык айтылбай, жең учунан сатылып кеткени -өкүнүчтүү. “Кыргыз эли мындай маалыматтарды Москвадан, интернеттен, эл аралык маалымат булактарынан алып жатканы туура эмес. Мындай эки тараптуу операцияларды жүргүзгөн учурда анын шарттары тууралуу элге ачык жарыя кылынууга тийиш эле. “Кыргыз газга” ээлик кылуу менен орустар кандай милдеттенме алды, бизге кандай пайда түшөт, газдын баасы кандай болот, Кыргызстандагы ишканалар толук жаратылыш газы менен камсыз болобу, эң негизгиси –мына ушул “Кыргыз газды” өнүктүрүү үчүн канча инвестиция жумшайт, мына ушунун баарын Кыргызстан эли ишкана сатылганга чейин билүүсү зарыл болчу. Мындай маалыматтар менен депутаттар да толук таанышпай туруп, жыл башында кол көтөрүп берип коюшкан,” дейт Базарбай Мамбетов.

5-август күнү Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров “Кыргыз газ” ишканасынын акциясынын көпчүлүк бөлүгү Орусиянын “Газпром” ишканасына сатылганын билдирген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG