Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

Хиросимага атомдук бомба ташталганына 64 жыл болду


Курмандыктарды эскерүү иш-чарасына 50 миң чакты киши, анын ичинде жарылуудан аман калгандар катышты. Шаар мэри Тадатоши Акиба президент Барак Обаманын атомдук куралды жок кылуу керектиги жөнүндөгү сөзүн кубаттады. Апрелде америкалык мамлекет башчы андай аракет көрүү атомдук куралды колдонгон жападан жалгыз өлкөнүн “моралдык парзы” деп айткан. 1945-жылдын 6-августунда ташталган бомбадан 140 миңдей киши каза тапкан. 3 күндөн кийин АКШ Япониянын түштүгүндөгү Нагасаки шаарына да атомдук бомба таштаган.

XS
SM
MD
LG