Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Орус газы Европага Түркия аркылуу өтө турган болду


В.Путин менен Р.Эрдоган Анакарадагы сүйлөшүүлөрдө, 6-август, 2009
В.Путин менен Р.Эрдоган Анакарадагы сүйлөшүүлөрдө, 6-август, 2009

Орусия менен Түркия бүгүн орус газын Украинанын аймагы аркылуу эмес, Түркия аркылуу Европага өткөрө турган «Түштүк агым» газ кууру боюнча келишимге жетишишти.

Эки мамлекеттин өкмөттөрү жалпысынан 16 документке кол коюшту. Бирок анын эң башкысы – энергетика тармагына тиешелүү. Сөз “Түштүк агым” жана “Көгүлтүр агым-2” долбоорлору жөнүндө болуп жатат.

Документке эки мамлекеттин өкмөт-башчылары Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган кол коюшту. Бул куурдун өзгөчөлүгү – орус газы Украинанын аймагын айланчыктап өтөөрүндө. Акыркы жылдары орус-украин газ чатагынын айынан Европа кышында суукта калып, Москванын да ишенимдүү булак катары абройуна шек келтирилген эле. Андыктан “Түштүк агымды” жакында эле курулаары анык болгон “Набукко” кууруна атаандаш болот деп карап жатышат.

Эми “Түштүк агым” ийгиликтүү иштей баштаса, орус дипломатиясынын чоң утушу катары кабыл алынмак. Анткени Түркиянын макулдугун алса, 2015-жылдан тарта (куур ишке киргенден баштап) Орусия кышында Украина газды уурдабайт бекен деп коркпой эле Европага ушул куур аркылуу газды жибере берет.

Бүгүн Анкарадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин, эки өлкөнүн премьер-министрлери журналисттердин суроолоруна жооп беришти. “Сүйлөшүүлөр чындап оор болду, Бирок биз баардык маселелер боюнча тил табыша алдык”, - деп билдирди Владимир Путин.

“Түштүк агым” газ кууру өтө зарыл болуп турат, - деди ал. - Куур жалпы Европада энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга, Орусия менен Түркия ортосунда жакшы байланышты түзүүгө керек. Түркиялык өнөктөштөрүбүз менен биздин сүйлөшүүлөр ортодо жаңы, мындан да чоң энергетикалык долбоорлорго жетише ала турганыбызды көрсөттү”.

Бирок бу келишимден Түркия өзүнө эмне алат?

“Хурриет” күндөлүк басылмасынын журналисти Тайлан Билгичтин айтымында, расмий Анкара азыр орустарга жардам кылганы үчүн, кийин башка ишин орустардын жардамы менен бүтүрүп алууну ойлонуп турса керек: “Түркия азыр энергияга муктаж жана бул муктаждык жылдан-жылга өсүп баратат. Өлкө ГЭСтерди куруп жатат, балким, атомдук станциясын да тургузат. Мына ушул иштердин баарында тажрыйбасы да, алдыңкы техникасы да бар Орусия жакшы көмөк көрсөтө алмак. Анын үстүнө орустардын жаратылыш газы да биз үчүн маанилүү”.

Азыр Европага агылчу газдын агымдары негизинен Түркия аркылуу өтө турган болуп калды. Өткөн айда Евробиримдик да Борбор Азия менен Азербайжандан газды Түркия аркылуу Европага жеткирчү “Набукко” куурун жаткыруу боюнча келишимге жетишкен эле. Жыл сайын эле кышында орус газына жетпей, мындан жүрөк заада болуп калган европалыктар көгүлтүр отунду бир эле орустардан күтүп отура бербей, башка да жолдорду издей башташкан. Эгер баары ойдогудай кетсе, 2014-жылдан баштап “Набукко” ишке кирмекчи.

Орустар менен украиндер газдын айынан мунаса таба албай жаткан учурда, Москва газ үчүн карызын төлөбөсө, Киевди кышында тоңдуруп салам деп коркуткан. Ушундан уламбы, европалыктар орустарды өздөрүнүн газын кийин саясий курал катары да колдонгондон тайманбайт деп, андан көз каранды болбоонун аракетин башташкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG