Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Катчылык: жарандык коом менен президент жолугат


Президенттин катчылыгы жарандык коом менен президентти жолуктурган атат. Бул максатта жумушчу топ түзүлүп жатканын “Азаттыкка” катчылыктын талдоо кызматынын башчысы Мелис Жунушалиев билдирди. Жолугушуу президенттик шайлоонун жыйынтыктарын талкуулоого арналып, ага бардык кызыкдар тараптар чакырылат жана жолугушуу сентябрь ичинде өтүшү мүмкүн деп болжолдонууда.

Бийликтин аракеттерин кескин сынга алып жүргөн укук коргоочулар тобу болсо көтөрүлгөн талылуу маселелер боюнча тыянак чыгаарына кепилдик болсо жолугушууга катышууга даяр. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү Төлөкан Исмаилова билдирди. Бул укук коргоочулар бейөкмөт уюмдар менен президенттин 5-майдагы жолугушуусуна катышкан эмес.(BuS)

XS
SM
MD
LG