Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

Талип лидери өлтүрүлгөн деген маалымат такталууда


Пакистан жана АКШнын бийликтери талиптердин лидерлеринин бири Байтулла Мехсуд өлтүрүлгөн деген маалыматты текшеришүүдө. Маалым болгондой, 5-августта Түштүк Вазиристандагы тоолуу райондордун биринде ракета Мехсуддун кайын атасынын үйүнө түшкөн. Анда талип лидеринин аялы набыт болгону, кийинчирээк Мехсуддун өзү да өлтүрүлгөнү кабарланды. Пакистандын коопсуздук күчтөрү бир нече айдан бери Ооганстан менен тогошкон чек аранын жанында талиптерге каршы аскердик операцияларды өткөрүп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG