Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

БШК шайлоону чагылдыруу сынагын жыйынтыктады


БШК басма сөз катчысы Бакыт Жумагуловдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча 23-июлдагы президенттик шайлоону чагылдыруу сынагы 2-июнда жарыяланган. Ага катышуу үчүн маалымат каражаттарынан, журналисттерден 24 арыз келип түшкөн. Аягында 16 номинация боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. 1-орунду УТРК алып, 50 миң сомдук утушка ээ болушту. Андан кийин 5-канал, “Слово Кыргызстана” гезити 40 миң сомдон, ТРК “Мир”, НТС, “Кыргыз туусу” басылмасы 30 миң сомдон, “Эркин тоо” гезити менен кыргыз радиосунун “Кабарлар” бөлүмү 20 миң сомдон, ЭлТР 15 миң сом, “Кабар”, АКИпресс, “24kg” маалымат агенттиктери, Чүйдүн “Баласагын оттору”, Алайдын “Алай таңы”, Кара-Кулжанын “Мезгил үнү” райондук басылмалары 10 миң сомдон акчалай байгеге ээ болушту.
Булардан тышкары БШК менен тыгыз кызматташып, шайлоо жараянын коомчулукка жеткирүүдө кошкон салымдары үчүн үч журналист: “Жаңы Багыт” басылмасынын журналисти Анархан Жаңыбаева, “Вечерний Бишкек” гезитинин журналисти Александр Тузов жана “Слово Кыргызстана” басылмасынын кабарчысы Александр Шепеленко 10 миң сомдон акчалай сыйлыкка татыктуу болушту. Бакыт Жумагуловдун белгилегени боюнча акчалай сыйлыктар ээлерине банк аркылуу которулуп берилет.

Сынактын жалпы фонду 400 миң сомду түзөт, анын ичинде акчалай сыйлыктардан тышкары сынакка келип түшкөн материалдарды иликтөөгө алган комиссияларга төлөнүүчү гонорар жана ардак грамоталарга да каражат бөлүнгөн. БШК ошондой эле сынакка катышпаган, бирок шайлоодо добуш берүүнү активдүү чагылдырган маалымат каражаттарына, журналисттерге ардак грамоталарды берүүнү көздөөдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG