Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Тажикстан Орусиянын аскер базасы тууралуу пикирин айта элек


Кечээ КР тышкы иштер министри Кубанычбек Сарбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Министрдин жолугушуудан кийин журналисттерге билдиргени боюнча тараптардын аскердик-техникалык кызматташтык, анын ичинде Кыргызстандагы орусиялык аскерий обьекттер боюнча сүйлөшүү тууралуу ниети бар. Бирок азырынча расмий Дүйшөмбү Орусиянын Кыргызстандын түштүгүндө жайгашуучу аскер базасына байланыштуу унчуга элек.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Чолпон-Ата шаарында өткөн бейформал саммити учурунда Орусия менен Кыргызстандын мамлекет башчылары Кыргызстандын аймагына дагы кошумча орусиялык аскер күчтөрүн жайгаштырууну жөнгө салуу боюнча эки тараптуу келишимдин укуктук базасын өнүктүрүү меморандумуна кол коюшкан.

Өзбекстан Орусиянын дагы бир аскер базасы Кыргызстандын түштүгүнө жайгашуусуна каршылыгын билдирип, бул аймактагы улуттар аралык каршылыктын, келечегинде олуттуу кооптуулукка алып келүүчү ар кандай күчтөрдүн күч алышына алып келет деген пикирин билдирген. Айрым саясатчылар Кыргызстандын түштүгүндө, Тажикстан-Өзбекстан-Кыргызстандын чектешкен аймагында Орусиянын аскер базасын жайгаштыруу демилгеси тажик тараптан да колдоо табышы кыйындыгын айтышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG