Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Балыкчы окуясы боюнча камалгандардын камоо мөөнөтү узарды


23-июлда Балыкчыда камакка алынган 14 кишинин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын бүгүн Ысык-Көл облустук соту четке какты. Сот алардын камоо мөөнөтүн 25-сентябрга чейин узартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” маалымдаган коомдук коргоочу Төлөйкан Исмаилова камалгандарга туугандары менен жолугууга уруксат берилбей жаткандыгын билдирди. Төлөйкан Исмаилова Балыкчы окуясында камалгандарды саясий буйрук менен камалып жатышат, деген пикирде.

Ошондой эле бүгүн облустук сот 23-июлда камалган 14 кишиге милиция тарабынан тагылган айыптарды да күчүндө калтырды. 23-июлдагы президенттик шайлоо күнү Балыкчыда чыккан чатак боюнча кармалган 14 кишиге Кылмыш Кодексинин үч беренеси боюнча: шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш-аламандык уюштурууга аракет кылган деген айыптар тагылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG