Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Р. Гейтс транзиттик борбор үчүн ыраазы болду


Кошмо Штаттарынын коргоо министри Роберт Гейтс Кыргызстанга АКШнынын транзиттик борборун жайгаштырууга уруксат бергендиги үчүн Курманбек Бакиевге ыраазчылык билдирип кат жолдоду. Анда министр Ооганстан өкмөтүн колдоо үчүн жүргүзүлгөн операцияларда бул борбордун салымы чоң болоорун белгилеген. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен “Азаттыкка” билдиришти. Ушул жылдын 22-июнунда Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрү Манас аба майданына транзиттик борбор ачуу тууралуу макулдашкан. Ага ылайык, АКШ тарап аба майдандын ижара акысы үчүн 60 миллион доллар төлөй турганы маалымдалган. (EBM)

XS
SM
MD
LG