Ички иштер министрлиги Ош облусунда Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрү деп шектелген алты кишиден турган топ кармалганын билдирди. Алардын арасында аталган уюмдун Ош боюнча “амири”, мурда курал-жаракка байланыштуу эки жолу соттолгон Кара-Суу районунун тургуну бар. ИИМдин маалымдашынча, бул топ бир топ жылдардан бери аталган аймактагы элди исламдын радикал идеяларына үндөп жүрүшкөн. (EBM)