Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Сот А.Политковскаянын үй-бүлөсүнө "жок" деди


Журналисттин туугандары Политковскаянын өлүмү боюнча ишти кайрадан кароо үчүн аны прокуратурага кайтарууну суранышкан. Сот муну четке какты. Эми алар чечимди жокко чыгаруу арызы менен өлкөнүн Жогорку Сотуна кайрыла турган болуп атышат. Орусияда өкмөттү Чеченстандагы ахыбал үчүн катуу айыптап, ал жактагы кылмыштарды ачыктап келген белгилүү журналист Анна Политковскаяны үч жыл мурда белгисиз бирөөлөр Москвада атып кетишкен эле. Аны өлтүргөн деп айыпталгандарды эл өкүлдөрүнүн соту февралда актаган. Бирок Жогорку соттун аскерий коллегиясы бул чечимди жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG