Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Эмгек миграциясынын абалы талкууланат


11-августта Бишкекте чет мамлекеттердеги кыргыз диаспораларынын жыйыны өтөт. Иш-чараны “Замандаш” ассоциациясы “Сорос-Кыргызстан” кору менен биргеликте уюштуруп жатат. Жыйында негизинен эмгек миграциясынын Кыргызстандын социалдык-экономикалык, саясий тармагындагы таасирлери, каржы каатчылыгы маалында миграциядагы агымдар, бул жааттагы мыйзамдык базалар талкууга алынмакчы. Жыйын соңунда сунуштар иштелип чыгып резолюция кабыл алынат. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, азыр бир миллионго жакын кыргызстандык чет мамлекеттерде жүрөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG