Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Боомдо жол тыгын 4-5 чакырымга жетти


Боом капчыгайында Кыз-Күйөө айылынын тушунда “Лексус” маркасындагы автоунаа кырсыкка учурап, натыйжада 4-5 чакырымга чейин автоунаалар тыгылып турат. Бул тууралуу окуяга күбө болгон “Азаттыктын” кабарчысы Эдил Сапарбек уулу билдирди. Анын айтымында, ”Лексус” сууга кулап кеткен. Учурда Өзгөчө кыраалдар министрлиги куткаруу иштерин жүргүзүп жатат. Машинаны суудан алып чыгуу үчүн коюлган кран жолду бөгөп, эки тараптан тең машиналар өтө албай жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG