Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Иран түрмөлөрүндө кыйноолор күч алды


Иранда оппозиция лидерлеринин бири Мехди Карруби президенттик шайлоодон кийин митингге катышканы үчүн камакка алынгандардын айрымдарын түрмөдө кыйнап жатышканын билдирди. Интернет баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө Карруби түрмөлөрдө айрым кыз-келиндер зордуктоого дуушар болорун айтты. Кечээ (9-августта) Иран полициясынын башкармалыгы түрмөдө айрым айыпкерлер кыйноолорго дуушар болуп жатканын мойнуна алган. 12-июнда президенттик шайлоодон кийин Тегеранда өткөн нааразылык акциялары маалында 2 миңге жакын киши камакка алынган.

XS
SM
MD
LG