Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Талибан командирлери өз ара ок атыша кетти


Расмий Вашингтон пакистандык талиптердин лидери Байтулла Мехсуд өлдү деген кабарга 90 пайыз ишенет. Бул тууралуу америкалык сыналгылардын бирине курган маегинде АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жеймс Жонс билдирди. Ал аралыкта Пакистандын бийликтери жаңы жетекчисин тандаганы чогулган Талибан командирлери өз ара ок атыша кеткенин кабарлашты. Пакистандын ички иштер министрлиги Мехсуддун ордун талашкан эки атаандаш ортосунда уруш чыгып, тараптар бири-бирине ок атып, кеминде бир талапкер тындым болгонун кабарлады. Талибан тарап бул маалыматтарды четке кагып, атүгүл АКШнын аба соккусунан экинчи аялы менен кошо өлдү деп кабарланган Байтулла Мехсуд өлбөй эле тирүү экенин далилдеген тасма жакын арада таратыларын эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG