Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Петровка чатагы боюнча сот кийинкиге калды


Петровка айлындагы башаламандыкка тиешеси бар деп шектелген жети адамдын иши боюнча соттук териштирүү кийинкиге жылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталып жаткандардын бири, “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин адвокаты Александр Типеров билдирди. Анын айтымында, Москва районундук соту бул ишти 5-августтан тарта карай баштаган. Анда сот айыпталып жаткан Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызды канааттандырган эмес. Сот процесстин жүрүшүндө айыпталып жаткандар менен алардын адвокаттары мамлекеттик айыптоочуларга, соттун судьясына ишенбестик билдиришкен. Ушунун негизинде доо арыз жазылып материалдар Чүй облусттук сотуна жөнөтүлдү. Ошондуктан соттук териштирүү кийинкиге жылды, дейт А. Типеров. Ушул жылдын 25-апрелинде Петровкада күрт улутундагы жигит төрт жашар орус кызды зордуктады деп жергиликтүү эл нааразыланып күрт улутундагы жашоочуларды тезинен айылдан чыгып кетүүнү талап кылышкан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG