Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Жаштар саясаты тууралуу мыйзамга кол коюлду


Мамлекет башчы Курманбек Бакиев “Мамлекеттин жаштар саясаты жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарланды. Жаштар департаментинин жетекчиси Айдар Жоробеков “Азаттыкка” бул мыйзамда кескин өзгөрүүлөр бар экенин, ага ылайык мамлекеттин жаштар саясаты жаңы ыкмалар менен жүргүзүлөрүн билдирген. Мурунку мыйзамда жаштар деп 14-35 жаштагы курактагылар айтылса, жаңы мыйзамга ылайык жаш курак 30 жашка чейин кичирейген. Айдар Жоробеков, жаштарды кайсы бир социалдык топко теңегенге болбсун, ошондуктан жаңы мыйзамда жаштар үчүн каралган бир топ жеңилдиктер алынып салынганын маалымдады. (EBM)

XS
SM
MD
LG