Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:46

Кыргыз диаспораларынын жыйыны башталды


Чет жакта жашаган кыргыз диаспоралардын эл аралык Бишкек конференциясында эмгек миграциясынын абалы, миграция саясатын алдыга жылдыруу боюнча бийлик бутактары менен бирдикте иштешүү маселелери талкууланууда. Иш чарага чет жакта иш алып барган кыргыз мекендештер, диаспора башчылары, бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Жыйын соңунда сунуштар айтылып, атайын резолюция кабыл алынаары күтүлүүдө. Бей расмий маалыматтарга таянсак, учурда сыртта иштеген кыргыз мигранттарынын саны миллиондон ашты. Мигранттардын негизги бөлүгү Орусияда жана Казакстанда иш алып барат. Каржы каатчылыгынын кедергеси чет жактагы эмгек мигранттарына да тийбей койгон жок. Чет өлкөдө иш алып барган миңдеген мекендештер Кыргызстанга кайрадан кайтып келип жатканы айтылууда. (MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG