Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 12:48

Ыктыярчылардын эмгек лагери уюштурулат


Чүй облусунун жаш ыктыярчылары 5-17-август күндөрү аймактагы Красная-Речка айлындагы спорт комплексти оңдошот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттар Уюмунун жаштык программасынан кабарлашты. Иш-чарага он беш адам катышат. Алар күн сайын түшкө чейин иш менен алек болушат, андан кийин ыктыярчылык жана коомдогу ар түрдүү жаңжалдардын алдын алуу боюнча тренингдерге катышышмакчы. “Жаштар интеграциясынын кызматы” деп аталган коомдук фонддун башчысы Борис Санамянцтын билдиришинче, соңку жылдары Кыргызстанда эмгек лагерлерге болгон жаштардын кызыгуусу күчөп жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG