Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Россия Киевге элчисин жөнөтпөйт


Орус президенти Дмитрий Медведев Украин жетекчилигин сындады. Украин мамлекет башчысы Виктор Ющенкого жолдогон ачык катында Медведев эки өлкө ортосундагы мамилелер жакшырмайынча, Киевге элчи жөнөтүлбөйт деп билдирди. Орус президенти расмий Киев антироссиячыл саясат жүргүзүүдө, Украина Грузиянын Түштүк Осетия менен Абхазиядагы кылмыштары үчүн жоопкерчиликти бөлүшөт деди. Ал ошондой эле украин жетекчилигин газ чатагы, тарыхый окуяларды бурмалоо аракеттери үчүн айыптады. Катынын соңунда Медведев өлкөнүн январда шайлана турган жаңы бийлиги орус-украин мамилелерин жакшыртат деген үмүтүн билдире кетти.

XS
SM
MD
LG