Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Cот Б.Жээнбековдун арызын карады


Бүгүн Ленин райондук соту “Назар” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун арызын карады. Белгилүү болгондой, Б. Жээнбеков “Эл сөзү” гезитин жана анын баш редактору Рыскелди Момбековду абийириме, ар-намысыма шек келтирди,моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 5 миллион сом төлөп берсин деп сотко кайрылган. Сот жообуна тартылып жаткан Момбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүнкү отурумда сот эки тарапты мунасага келүүгө чакырып, бирок Бабырбек Жээнбеков андан баш тартты. Соттун кийинки отуруму 27-августка белгиленди. Президенттик шайлоо алдындагы пикир келишпестиктен улам оппозициялык маанайдагы “Ачык саясат” гезитинин жамааты экиге бөлүнүп, “Назар” жана “Эл сөзү” гезиттерин чыгара башташкан. (MSu)

XS
SM
MD
LG