Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Газ баасы боюнча сүйлөшүүлөр уланат


Бул тууралуу бүгүн“Азаттык” радиосуна “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев билдирди. Айтикеевдин айтымында, ал баштаган делагация Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдөн кайтып келди. Бирок сүйлөшүүлөрдүн мазмуну жана келерки жылга баа тууралуу “Кыргызгаздын” жетекчилиги азырынча эч кандай маалымат бере албайт. “Азаттыкттын” кабарчысы менен телефон аркылуу маегинде Саламат Айтикеев апта башында Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөр учурунда газ баасы аныктоочу жагдайлар боюнча өзбек тараптан айрым бир шарттар аталганын белгиледи. Кыргыз тарап эми Ташкендеги сүйлөшүүлөрдө козголгон маселелерди өз ара талкуулап алган соң кийинки жолугушуунун мөөнөтүн белгилейт. Быйыл жыл башынан менен Кыргызстан көгүлтүр оттун бир миң кубометрин 240 доллардан сатып алып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG