Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Франциянын Тегерандагы элчилигинин кызматкери бошотулду


Иранда Франциянын Тегерандагы элчилигинин кызматкери Назак Афшар абактан бошотулду. Франциянын президенти Николя Саркози Иран бийлигин француз жараны Клотилда Рейсске да азаттык берүүнү талап кылды. Буларга Иранда “шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурган” деген айыптар коюлган. 12-июнда Иранда өткөн президенттик шайлоодон кийин Тегеранда бир катар митингдер өтүп, миңден ашуун киши камакка алынган.

XS
SM
MD
LG