Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Евробиримдик Мьянмага чектөө киргизет


Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун Мьянма бийлигин оппозиция лидери Аун Сан Су Чжини чукул арада абактан бошотууга чакырды. Сот кечээ оппозиция лидери, Нобель сыйлыгынын лауреаты Су Чжини үй камакта дагы 18 ай отурсун деген чечим чыгарды. Сан Су Чжи айым “үй камагынын шарттарын бузган, америкалык жаранды жашыруун үйүнө киргизген” деп айыпталууда. Су Чжиге каршы жаңы айыптар коюлган үчүн Евробиримдик да Мьянма бийлигине каршы чектөөлөрдү киргизерин билдирди. Оппозиция лидери акыркы 20 жылдын он төртүн үй камагында өткөргөн.

XS
SM
MD
LG