Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

М. Салимзоданы кайтарып алууга эми укуктук жол жок


Бул тууралуу “Азаттык “ радиосуна Баш прокурордун орун басары Сумар Насиза билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстандын Баш прокуратурасынын өлкө жараны Мухамади Салимзоданы өткөрүп алуу жөнүндөгү өтүнүчүнө Тажикстан тараптан баш тарткан расмий жооптун келиши менен Минск ковенциясында каралган укуктук жол –жобо аяктады. Башкача айтканда, бул маселеге укуктук жактан чекит коюлду. Баш прокурордун орун басары Сумар Насизанын айтымында, эми өткөрүп алуу эгер Кыргызстандын президенти, Жогорку Кеңеши же өкмөтү Тажикстандын президентине, парламентине, өкмөтүнө кайрылып, тажик тараптан оң жооп болгон учурда гана мүмкүн. Кыргызстандын тажик улутундагы жараны, мурдагы аскер адамы Мухамади Салимзоданы Тажикстандын соту 29 жылга эркинен ажыраткан. Тажикстан тарап аны Кыргызстанга өткөрүп бере албашын Мухамади Салимзоданын аракеттери Тажикстандын Конституциялык түзүлүшүнө шек келтиргендиги менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG