Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Жөө жүрүшчүлөр абактан эртең чыгары күтүлүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик шайлоодон кийинки жөө жүрүштө камалгандардын бири, Бириккен Элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин адвокаты Сартпай Жайчыбеков кабарлады. Анын айтымында, саясатчы абактан эртең эртең мененки саат 10го карата чыгарылары күтүлүүдө. Оппозиция тарапкерлеринен 64 адам 29 –июль күнү президенттик шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин билдирип, жөө жүрүшкө чыккан учурда кармалышкан. Алардын айрымдары акчалай айыпка жыгылса, Топчубек Тургуналиев баштаган он чакты адам 15 суткага абакка кесилген. Адвокат Сартпай Жайчыбеков белгилегендей, Топчубек Тургуналиевдин аппеляциялык арызын 6- августа Бишкек шаардык соту канааттандырган жок. (UE)

XS
SM
MD
LG