Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Ингуш курулуш министрин атып кетишти


Ингушетияда белгисиз эки адам курулуш министри Руслан Амирхановду иш кеңсесинен атып кетишти. Тергөөчүлөр кылмыштын жакында курулуш тармагында өткөрүлгөн аудитке байлынышы бар болушу мүмкүн деп болжолдошууда. Бул тууралуу жумурияттын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Воробьев маалымдады. Текшерүү бир катар мыйзам бузуулар, мамлекеттик каражатты кыянаттык менен пайдалануу орун алгандыгын аныктаган. Июнда Ингушетиянын президенти Юнус-Бек Евкуров жан кечтинин жардыруусунан катуу жарадар болуп, бир нече күн мурун ооруканадан чыгарылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG