Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

Хелмандда согушкерлерге каршы операция башаталды


АКШ деңиз күчтөрү Ооганстандын Хелманд вилайетинде талип согушкерлерине каршы операция башташты. Ал 20-август күнкү президенттик шайлоо алдындагы ар кандай теракттарды алдын алууну көздөйт. Талибандын таянычы болгон Навзад районуна америкалык 400 жана жергиликтүү 100 аскер, тик учактар жиберилди. Анын аралыгында Кундуз вилаейтинде жоочулар полиция бөлүмүнө кол салып, анын башчысын өлтүрүп кетишти. Талип согушкерлери шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында соңку мезгилде зордук-зомбулугун күчөтүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG