Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Абак жайдагылар ачкачылык жарыялашты


Мындай маалымат бүгүн “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун лидери, укук коргоочу Азиза Абдырасуловадан алынды. Укук коргоочунун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, өлкөнүн абак жайларындагы жарандар ачкачылык акциясын өткөрүп жатканына бүгүн үч күн болгон. Мына ушундай формадагы нааразылык акциясына өлкө аймагындагы абак жайлардын басымдуу бөлүгү тартылып жатканын, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмуна анын жер –жерлердеги өнөктөштөрү да ырасташкан. Укук коргоочу Азиза Абдырасулова белгилегендей, абак жайлардагы лар бул жолку ачкачылык акциясын Чүйдүн Вознесеновка айылындагы жаза өтөө мекемесинде өткөн айда нааразылык билдиргендерге каршы көрүлгөн чараларга байланыштырышууда. Абак жайлардагы азыркы ачкачылык акциясы боюнча комментарий алуу үчүн “Азаттык” радиосу Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчилиги менен байланыша албады. Ал эми аталган мекеменин басма сөз кызматы аталган кабарды ырастоодон баш тартты.

Кошумчалай кетүүчү маалымат - бүгүн жаза өтөө мекемелеринде иштегендердин кесиптик майрамы.

XS
SM
MD
LG