Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:51

Кыргызстандык суучул Азиянын күмүш байгесин алды


Бул күндөрү Жапония борбору Токиодо өтүп жаткан чемпионатка Кыргызстандын алты суучулу катышууда. Алардын ичинен Василий Данилов бүгүн 400 метрге эркин ыкмада сүзүүдө күмүш байгени жеңип алды. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Дене тарбия, спорт, жаштар иши боюнча агенттиктин директорунун орун басары Алмаз Касенов кабарлады. Бул кыргызстандык суучулардын Азиянын азыркы чемпионатындагы алгачкы байгеси. Алгачкы байгенин ээси Василий Данилов 2007-жылы Азия чемпиону болгон. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG